Гуманитардык сабактардын мугалимдери айлыгы төмөн экенине нааразыНоокенде бала бакчада 80 литрлик бойлер жарылып, имарат катуу жабыркадыБалыкчы — Кочкор темир жол тилкеси 2026-жылдын августунда ишке киргизилет – «Кыргыз темир жолу» УК»Ысык-Ата районундагы «Туз» суу сактагычынын сыйымдуулугу эки эсеге көбөйөтЧет өлкөлүк жарандар балдарын мектепке 1-класска кантип каттай алышатЧүйдө «Асыл Тери» терини кайра иштетүүчү заводунун курулушу башталды
Кара-Балтага “Мекеним Кыргызстандын” талапкери мэр болду
07.12.2020 | 09:47
БШКнын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, кечээ, 6-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясы Кара-Балта шаарынын мэрин шайлоонун жыйынтыгын расмий бекиткен.
Ал токтомго ылайык, Кара-Балта шаардык кеңешинде 30-ноябрда өткөн шайлоонун жыйынтыгы менен уткан Данияр Шакирбаев шаар мэри болуп бекитилген.
Кара-Балта шаарынын башчылыгына 3 талапкер ат салышкан. Кыргызстан социал-демократтар партиясынан Бакыт Раманкулов, “Эл Аман” фракциясынан Таалайбек Сүйүмбаев жана “Мекеним Кыргызстан” фракциясынан Данияр Шакирбаев талапкер болгон.
Шаардык кеңештин 31 депутаттын 18и Шакирбаевге, 13ү Таалайбек Сүйүмбаевге добуш берсе, Бакыт Раманкуловго бир да депутат добуш берген эмес.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат