ДССУ: вакциналар коронавирусту толук жок кылбайт, беткап режимин сактагыла

ДССУ: вакциналар коронавирусту толук жок кылбайт, беткап режимин сактагыла

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) пандемияга каршы күрөшүүдө жана «жаңы нормага» жетишүүдө коронавирустук вакциналардын ролу жөнүндө айтып берди. Бул тууралуу «РИА Новости» аталган программанын директору Майкл Райан билдиргенин жазды.

«Пандемияга каршы күрөшүү боюнча учурдагы чараларга вакцинацияны кошобуз деп үмүттөнөбүз. Бирок мен ачык айткым келет — эмдөө COVID-19ду жок кылууну билдирбейт», — деди ал.

Райандын айтымында, вакциналар пандемияга каршы күрөшүү үчүн башка чаралар менен айкалыштырылышы керек. Муну менен,  өлүмдү токтотууга жана саламаттык сактоо тутумундагы жүктү жеңилдетүүгө аракет кылууга болот

ДССУ өкүлүнүн билдиришинче, ошондо гана экономика жана коом кадимкидей абалга, же «жаңы нормага» кайта алат.

2-декабрда ДССУ сыртта маска кийүүнү сунуштады. Уюмдун өкүлү Маргарет Харрис универсалдуу маска режими жакшы желдетилбеген бардык жерлерде киргизилиши керек.

Акыркы маалыматтарга караганда, дүйнө жүзү боюнча коронавирусту 65 миллион адам жуктурган, 1,5 миллиондон ашуун адам COVID-19 оорусунан улам көз жумган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>