«Рухтун жел кайыктары»: Ысык-Көлдө эл аралык регата башталдыПутин, Си Цзиньпин, Эрдоган жана башка лидерлер Бишкектеги ШКУ саммитине катышатДон Уилсон жана Бай Линг Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн Кыргызстанга келетШКУ саммити жана ДКО өтө турган күндөрү Бишкекте автобустар сейрек катташы мүмкүнШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндарынын коопсуздугун 15 миң кызматкер камсыздайтНепалдагы суу ташкындарынан 464 адам каза болуп, миңге жакыны дайынсыз болууда
Президенттик шайлоо: БШК 43 эл аралык байкоочуну каттады
07.12.2020 | 09:48
Борбордук шайлоо комиссиясы 10-январда мөөнөтүнөн мурда өтчү президенттик шайлоого көз сала турган 43 эл аралык байкоочуну каттады. Бул тууралуу БШКнын расмий сайтына жарыяланды.
Маалыматта айтылгандай, каттоодон өткөн эксперттер 7 өлкөнүн жана 6 эл аралык уюмдардын өкүлдөрү экени айтылды.
Алардын көбү Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин парламенттер аралык ассамблеясынын өкүлдөрү. Андан башка Молдова жана Азербайжандын боршайкомунун байкоочулары да бар.
Алгач өлкө башчылыкка 65 киши аттанган. Алардын ичинен көбү документтерин кайрадан чакыртып алышкан. Учурда 20 талапкер 1 млн сомдук шайлоо күрөөсүн жана шайлоочулардын кол тармгаларын боршайкомго берген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом