Бишкекте 3 саатта туура эмес токтотулган 37 унаа аныкталып, айып короосуна киргизилдиЖаш Гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишинде транспорттук түйүн курулат2026-жылкы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын тумарына кандай ысым берилгени белгилүү болдуАӨБ Кыргызстандын 2026–2027-жылдарга карата экономикалык өнүгүү божомолун жарыяладыКара-Суудагы Талдык каналы толук реконструкцияланатУКМК: Талас медициналык коллежинде кызматкер 14 жыл жумушка келбей, айлык алып турган
Кара-Көлдө кийими суунун жээгинен табылган аял изделүүдө
26.05.2021 | 10:23
Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарындагы Кара-Суу дарыясына түшүп кеткен аял изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
25-майда Кара-Суу дарыясындагы адамдар өтүүчү асма көпүрөнүн жанында белгисиз аялдын кийимдери табылып, ал 1967-жылы туулган К.К. аттуу аялга таандык экени аныкталган.
Кечээ, 25-майда суунун жээгинде 20 чакырым аралыгында издөө иштери жүргүзүлгөн. Натыйжа болгон эмес.
Бүгүн издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн 15 куткаруучу, ИИМден 5 кызматкер тартылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар