Бүгүн, 16-ноябрда, күн ачык болотКудайберген Базарбаев кызматтан алынып, Казакстанга элчи болуп жиберилдиАчыктык жана өнүгүү: Bozymchak Кыргызстандагы тоо-кентармагында ишенимди кантип бекемдөөдө?Кыргызстандын футзал боюнча жаштар курамасы эки өлкөнүн командасы менен беттешетБүгүн Бишкекте жаңы №66 электробус маршруту ачылды — кыймылынын схемасы15-ноябрга карата аба ырайы
Кара-Кулжа — Алайкуу жолу бир тараптуу ачылды
06.01.2023 | 11:29
Кара-Кулжа —Алайкуу жолу бир тараптуу ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 4-январь күнү Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 75-чакырымында көлөмү 1500 м3 кар көчкү түшкөн.
Мындан сырткары 70-80-чакырым аралыктарында кар күрткүлөр пайда болуп (50-90см), унаа жолу убактылуу жабылган. Унаа жолдун 47-107-чакырымдарында ЖККББ тарабынан атайын посттор уюштурулган.
“Бүгүн жерине тазалоо иштерин жүргүзүүгө №26 ЖТИден 1 бульдозер, 1 жүктөгүч, №44 ЖТИден 1 жүктөгүч тартылган. Учурда тазалоо иштеринин жыйынтыгында Кара-Кулжа —Алайкуу жолу бир тараптуу ачылды, абал тынч”, – деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар