Бишкекте 18 градус суук. Бир жумага карата аба ырайы

Бишкекте 18 градус суук. Бир жумага карата аба ырайы

Кыргызгидромет 12- январга чейин Кыргызстанда аба ырайынын болжолун жарыялады. Абанын айлык орточо температурасы жана жаан-чачындын айлык көлөмү климаттык нормага жакын болушу күтүлөт.

Бишкек шаарында

7-январда жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы: түнкүсүн -1…+1, күндүз +6…+8°

8-январда жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы: түнкүсүн -1…+1, күндүз +6…+8°

9-январда кар жаашы күтүлөт.

Абанын температурасы: түнкүсүн 0…-2, күндүз +2…+4°

10-январда мезгил-мезгили менен кар жаайт.

Абанын температурасы: түнкүсүн -4… -6, күндүз -3 … -5 градус

11-январда кар жаайт.

Абанын температурасы: түнкүсүн -11… -13, күндүз -9 … -11 градус

12-январда мезгил-мезгили менен кар жаайт.

Абанын температурасы: түнкүсүн -16…-18, күндүз -13…-15°

Чүй облусу

7-январда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

8-январда тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор карга толуп, муз тоңот. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

9-10-январда жана 11-январда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт.

11-январда күндүз айрым жерлерде кар жаайт.

12-январда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы, дыйканчылык аймактарында кар жаашы күтүлбөйт.

Жолдор тайгалак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 10-январда айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Талас району

7-январда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. 8-январда тоолуу райондордо кар жаашы, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

9-январда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаайт.

9-январда күндүз жана 10-январда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт.

11-январда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаайт.

11-январда күндүз жана 12-январда кар жаашы күтүлбөйт.

Жолдорго муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 10-январда айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Ош облусу

7-8-январда жаан-чачын күтүлбөйт. 9-январда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаайт.

10-январда түнкүсүн айрым жерлерде, күндүз көпчүлүк аймактарда кар жаайт.

11-январда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаайт. Күндүз тоолуу райондордо кар жаайт, дыйканчылык аймактарында кар жаабайт.

12-январда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаайт. Күндүз тоолуу райондордо кар жаайт, дыйканчылык аймактарында кар жаабайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 10-январда айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Жалал-Абад облусу

7-январда тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 8-январда тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы, өрөөндөрүндө кар жаашы күтүлбөйт.

9-10-январда жана 11-январда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт.

11-январда күндүз жана 12-январда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаайт.

12-январда күндүз тоолуу райондордо кар жаашы  күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 10-январда 15-20 метрге чейин жетет.

Баткен облусу

7-январда жана 8-январда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарында кар жаашы күтүлбөйт.

8-январда күндүз айрым жерлерде кар жаайт.

9-январда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз айрым жерлерде кар жаайт.

10-январда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт.

11-январда жаан-чачын күтүлбөйт. 12-январда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 10-январда айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Ысык-Көл облусу

7-9-январда кар жаашы күтүлбөйт.

10-январда күндүз жана 11-12-январда айрым жерлерде кар жаайт.

Жолдор карга толуп, муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Нарын облусу

7-8-январда кар жаашы күтүлбөйт.

9-январда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаайт.

10-январда түнкүсүн айрым жерлерде, күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт.

11-январда жана 12-январда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаайт.

12-январда күндүз кар жаашы күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 10-январда айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР
Тэги: аба ырайы

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>