Си Цзиньпин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди«Ильшат» коомдук фонду Бишкекте гепатологиялык борбор курат«Мадина» базарындагы өрттү өчүрүү учурунда эки өрт өчүрүүчү жабыркады«Мадина» базарынын айрым жерлеринде өрттү өчүрүү иштери улануудаБишкек мэри «Мадина» базарындагы өрттөн кийин соодагерлер менен жолукту«Мадина» базарындагы өрткө дрондордун жардамы менен мониторинг жүргүзүлүүдө
Бишкекте жол эрежесин бузган МАИ кызматкери айыпка жыгылды – видео
06.01.2023 | 00:07
Бишкек шаарында кызмат өтөп жаткан жол кайгуул кызматкери айыпка жыгылды. Бул тууралуу блогер Эртай Искаков өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында билдирип, окуянын видеосун жүктөдү.
Ал видеодо көрүнүп тургандай, инспектор унаасын коомдук транспорт токтоочу аялдаманын түбүнө токтотуп койгон. Мындан улам блогерди көргөн жол кайгуулчулар жол кыймылынын эрежесин бузуп жатканын мойнуна алышты. Андан кийин унаасын туура эмес токтоткон инспектор Шабдан Мамбетовго протокол түзүлүп, айып жазылды.
Жол эрежеси боюнча аялдама белгисине чейин унааны 15 метр жетпей, аялдамадан кийин 15 метр ары токтотушу керек болчу.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар