Кара-Кулжа жолуна 1,5 метр кар түштү. Ашууларда абал кандай?

13.12.2023 | 12:21

Транспорт жана коммуникация министрлигинин маалыматында, аба ырайы жана климаттык шарттар жакшырганга чейин төмөнкү жолдор жабылган:

– Ысык-Көл облусундагы Түп-Кеген унаа жолунун Каркыра бөлүгү;

– Ысык-Көл облусундагы Боз-Шахта-Жыргалаң унаа жолу (13-15-чакырым аралыгы);

– Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун Сөөк ашуусу;

– Каракол-Эңилчек унаа жолунун Чоң-Ашуу ашуусу;

– Түп-Кеген унаа жолунун Сары-Тологой-Токтоян тилкеси.

Министрликтин маалыматында, Ош облусунун Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайку унаа жолунда (45-101-чакырым аралыгы) жааган кардын калыңдыгы 1-1,5 метрге жетти. Учурда бороон басылып, жол тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

Ош – Бишкек жолундагы “Арал”, “Сосновка” постту ачылды. Ага кечээ оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө киргизилген чектөөлөр алынды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top