Кара-Кулжа жолуна 1,5 метр кар түштү. Ашууларда абал кандай?

Кара-Кулжа жолуна 1,5 метр кар түштү. Ашууларда абал кандай?

Транспорт жана коммуникация министрлигинин маалыматында, аба ырайы жана климаттык шарттар жакшырганга чейин төмөнкү жолдор жабылган:

— Ысык-Көл облусундагы Түп-Кеген унаа жолунун Каркыра бөлүгү;

— Ысык-Көл облусундагы Боз-Шахта-Жыргалаң унаа жолу (13-15-чакырым аралыгы);

— Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун Сөөк ашуусу;

— Каракол-Эңилчек унаа жолунун Чоң-Ашуу ашуусу;

— Түп-Кеген унаа жолунун Сары-Тологой-Токтоян тилкеси.

Министрликтин маалыматында, Ош облусунун Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайку унаа жолунда (45-101-чакырым аралыгы) жааган кардын калыңдыгы 1-1,5 метрге жетти. Учурда бороон басылып, жол тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

Ош – Бишкек жолундагы «Арал», “Сосновка” постту ачылды. Ага кечээ оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө киргизилген чектөөлөр алынды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>