ӨКМ: 2-апрелге чейин айрым ашууларга кар көчкү түшүүсү күтүлөт1-апрелде Бишкектин бир бөлүгүндө суу өчүрүлөт29-мартка карата аба ырайыЭл аралык олимпиада комитети аялдар арасындагы мелдештерге трансгендерлердин катышуусуна тыюу салдыБишкекте Кожевенная көчөсү оңдоого жабылатКыргызстанда органдарды трансплантациялоо программасы кеңейтилүүдө: бөйрөк бекер алмаштырылат, кезекте — боор
Кара-Кулжада 12,5 гектар жер мамлекетке кайтарылды
03.02.2025 | 14:48
Ош облусунун Кара-Кулжа районунда мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалым болгондой, райондук прокуратура текшерүү учурунда Кара-Кулжа айылында айыл чарба багытындагы 12,5 га жер жеке тараптардын менчигине берилип кеткендигин аныктаган.
Прокуратура сотко кайрылып, натыйжада аталган жер муниципалдык менчикке кайтарылган. Анын баасы 4 млн 983 миң сомго жетет.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом