Кара-Суу менен Аравандагы үйлөргө кирип, уурулук кылган делип эки адам кармалды

Кара-Суу менен Аравандагы үйлөргө кирип, уурулук кылган делип эки адам кармалды

Оштун Араван жана Кара-Суу райондорунда уурулук жасоого шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалым болгондой, 11-октябрда Кара-Суунун милициясына 53 жаштагы тургун кайрылып, 26-сентябрда белгисиз адамдар үйүнөн 6 миң евро жана 2,5 миң сом акчасын уурдап кеткени билдирген.

15-октябрда Аравандын милициясына 28 жаштагы тургун кайрылып, белгисиз адамдар үйүнүн терезесин бузуп кирип, алтын буюмдарын уурдап кеткенин айткан. Ушундай эле арыз менен милицияга дагы 3 жаран кайрылган.

Аталган фактылар боюнча «уурулук» беренеси менен кылмыш иштери козголгон.

Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары Өзгөн районунун 35 жаштагы Э.З. жана 28 жаштагы А.Б. аттуу тургундары кармалган.

Учурда алардын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы текшерилүүдө.

Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>