Кара-Суу районунун 90 жылдык мааракеси белгиленди

Кара-Суу районунун 90 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара Ош облусундагы «Манас» стадионунда өттү. Бул тууралуу президенттин облус аймагындагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев жана башка коноктор катышты.
Салтанатта облус башчысы Элчибек Жантаев район тургундарын маараке менен куттуктап, Кара-Суунун тарыхый жолуна жана бүгүнкү жетишкендиктерине токтолду.
Анын айтымында, Кара-Суу эзелтен эмгекчил эли жана берекелүү жери менен айырмаланып келген, ал эми бүгүн айыл чарбада, соодада, билим берүү жана маданият тармактарында алдыга озуп, облустун сыймыгына айланды.
Мааракелик иш-чара концерттик программа, театрлаштырылган көрүнүштөр жана маданий номерлер менен уланды.