Кара-Сууда айыл башчы тергөөчүгө 10 миң $ пара берип жатканда кармалды

Кара-Сууда айыл башчы тергөөчүгө 10 миң $ пара берип жатканда кармалды

Кара-Суу районунда милиция кызматкерлери жасалма документтердин негизинде жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүп берүү фактысын аныкташты. Жергиликтүү тургундар С.Х., Ш.И., Ю.Х., И.Э., үй куруу үчүн 0,5 гектар жер тилкелерин алышкан.

Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, 26-сентябрдан тарта жерлерди мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча текшерүү иштери башталган.

Тергөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, Датка айыл аймагынын айылдарынын биринин башчысы 1965-жылы туулган С.Б., тергөөчүгө бул ишти токтотуу үчүн 10 миң доллар пара сунуштаган.

Пара алуу фактысы ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча ички иликтөө кызматы тарабынан катталган. Топтолгон материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин «Пара берүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

10-октябрда С.Б., тергөөчүнүн иш бөлмөсүндө пара берип жаткан жеринен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тергөө иштери уланууда, жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>