Кара-Сууда медреседе чыккан өрт өчүрүлдү

Кара-Сууда медреседе чыккан өрт өчүрүлдү

Ош облусундагы медреседен өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 27-март күнү саат кечки саат 22:00 дөр чамасында Кара-Суу районундагы  Андижан айылынын Ленин көчөсүндө жайгашкан медреседен өрт чыккан.

Өрттү өчүрүүгө Ош шаардык №12 өрт куткаруу бөлүгүнөн 2 бөлүм, №13 атайлаштырылган өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм, өрт өчүрүү штабы тартылган. Мындан сырткары ИИМден 15 кызматкер жана РЭТинен 1 бригада тартылган.

Медресенин эки кабаттуу окуу корпусунун шыбы жана 156 чарчы метр чатыры толугу менен күйгөн. Жабыркагандар жок. Өрт түнкү саат 23:07де чектөөгө алынып, саат 00:02де толугу менен өчүрүлгөн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>