Саламаттык сактоо министрлиги жана ДСУ Кыргызстандын алыскы аймактарында санариптик медицинаны кеңейтүүнү макулдашты«Кыргызнефтегаздагы» коррупция: Шайырбек Ташиев 16-майга чейин тергөө абагына киргизилди3-апрелге карата аба ырайыЕЭК жана ГЛОНАСС эл аралык жүк ташуулар үчүн санариптик сервистерди өнүктүрүүнү макулдаштыЭК жана МОМ миграцияны санариптештирүү жана жаңы механизмдерди талкуулаштыПодпольщиктер жана антифашисттер: душмандын оругунда күрөшкөндөрдүн урматына коюлган көчөлөр
Кара-Сууда жардыруучу зат жана ок атуучу куралдар алынды
07.10.2021 | 13:04
Кара-Суу районунда жардыруучу зат жана ок атуучу куралдар алынды. Бул тууралуу Ош облустук милициядан билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган райондун милиция кызматкерлери тарабынан ок атуучу курал жарактарды мыйзамсыз алып жүргөн жарандарды аныктоо максатында жүргүзүлгөн иш-чаранын натыйжасында Кара-Суу районунун Савай айылынын 43 жаштагы З.О., аттуу тургуну кармалган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө анын жанынан эки даана ок атуучу курал жана граната алынган.
Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Ошондой эле тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом