Мэр: Айдоочулардын жоктугунан автобустар токтоп турат

Мэр: Айдоочулардын жоктугунан автобустар токтоп турат

Бишкекте беш жылдан бери маршруттук таксинин саны 2,5 эсе азайган. Бул тууралуу  бүгүн, 7-октябрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев басма сөз жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 2017-жылдан бери борбор калаада коомдук транспорттордун саны азайганы байкалат.

«Беш жылдан бери маршруттук таксинин саны 4136дан 1590го чейин азайган. Ал эми автобус 94төн 87ге чейин түшсө, троллейбус тескерисинче, 103төн 130га чейин көбөйтүлгөн. Анткени, троллейбустарды оңдоп линияга чыгардык. Жол кире тарифинин жогорулашынын бирден бир себеби ушул болду”, — дейт Жунушалиев.

Ошондой эле ал «Эко Пассажирские Перевозки» компаиясы менен келишим түзүлүп, 210го чейин автобус алынганын, бирок айдоочулардын жетишсиздигинен улам алардын 80-90у гана рейске чыгып, калганы токтоп турганын айтты.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>