БШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
Каракол – Эңилчек унаа жолу убактылуу жабылды
19.02.2024 | 19:40
Каракол – Эңилчек унаа жолу 20-февралга чейин убактылуу жабылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, 16-февралдан 18-февралга чейин кар көп жаап, унаа жолдун 82-112-чакырымдарына кар көчкү түшкөндүгүнө байланыштуу Ак-Суу районунун акиминин тескемесинин негизинде Каракол – Эңилчек автоунаа жолу 20-февралга чейин убактылуу жабылды.
Учурда катуу бороон болуп, көрүү аралыгы начар болгондугуна байланыштуу кар көчкүлөрдү тазалоо иштери убактылуу токтотулду.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар