Кыргызстандык окуучулар эл аралык олимпиадада 6 медаль утушту

Кыргызстандык окуучулар эл аралык олимпиадада 6 медаль утушту

Румынияда 10-12-февралда өткөн VIII Эл аралык Info (1) Cup олимпиадасында Кыргызстандын 6 окуучусу 3 күмүш жана 3 коло медаль жеңип алышты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Олимпиадага Кыргызстан, Армения, Азербайжан, Белгия, Болгария, Египет, Грузия, Венгрия, Казакстан, Молдова, Румыния, Сирия, Украинадан жалпы 135 окуучу катышты.

Медалга ээ болгон окуучулар:

— Алихан Айдарбеков, Нарын шаарындагы М.Субакожоев атындагы лицейинин 10-классынын окуучусу — күмүш медаль;

— Ян Бобрус, Бишкектеги «Газпром Кыргызстан» мектебинин 8-классынын окуучусу — күмүш медаль;

— Абдулазиз Лебиев, Бишкек шаарындагы Чыңгыз Айтматов лицейинин 10-классынын окуучусу — күмүш медаль;

— Айпери Акжолтоева, Зияш Бектенов атындагы Ысык-Көл кыздар лицейинин 10-классынын окуучусу – коло медаль.

— Абдуллахан Абдирасулов, Ош “Сема” лицейинин, 8-классынын окуучуcу – коло медаль;

— Байыш Минбаев, Ош “Сема” лицейинин, 9-классынын окуучуcу – коло медаль;

Команданын лидерлери:

— Кылычбек Урайымов, Сапат олимпиада борборунун информатика олимпиада боюнча тренери;

— Медербек Осмонов, «Газпром Кыргызстан» мектебинин информатика олимпиада боюнча тренери;

— Нургул Бактыбекова, Зияш Бектенов атындагы Ысык-Көл кыздар лицейинин информатика мугалими;

— Анварбек Хайдаров, Ош “Сема” лицейинин информатика мугалими.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>