Караколдо абакка баӊгизат киргизмекчи болгон адам кармалды

Караколдо абакка баӊгизат киргизмекчи болгон адам кармалды

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы №23 абагына баӊгизат киргизүүгө аракет кылган адам  кармалды. Бул тууралуу облустук милцияинын басма сөз кызматы билдерет.

Маалым болгондой,  аталган шаарда жашаган «Саке» аттуу адам абактагыларга баӊгизат киргизүүгө даярданып жатакандыгы тууралуу маалымат милицияга келип түшкөн.

Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, кылмышты ишке ашырууну көздөп жаткан адамдын өздүгү аныкталып, ал Каракол шаарынын 26 жаштагы тургуну Ж. Максат экендиги белгилүү болгон.

Ал  абактын кабыл алуу бөлмөсүндө, абакта кармалгандын бирөөсүнө тамак-ашты өткөрүп жаткан учурда, ундун пакетинин ичине катылган 40 грамм гашиш баӊги заты табылган.

Аталган факт жазык кодексинин 268-беренеси (Баңгизат каражаттарын мыйзамсыз даярдоо) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Кармалган Ж. Максат, эч жакка кетпөө тил каттын негизинде үй камагына алынган. Тергөө иштери жүрүп жатат.
[su_image_carousel source=»media: 19826,19828,19827″ crop=»none» autoplay=»4″]

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>