Караколдогу 10 ипотекалык үй декабрда пайдаланууга берилет

Караколдогу 10 ипотекалык үй декабрда пайдаланууга берилет

Каракол шаарында курулуп жаткан 69 ипотекалык үйдүн алгачкы 10ун ушул жылдын декабрь айында пайдаланууга берүү пландалууда. Бул тууралуу 6-сентябрда президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Уланбек Далиев үйлөрдүн курулушунун жүрүшү менен таанышуу учурунда билдирди.

Маалым болгондой, долбоордун алкагында 30 гектардан ашык аянтка 69 көп батирлүү үй курулууда, анда 30 миң 105 батир каралган.

“Комплекстин курулушу 2024-жылдын 18-апрелинде башталган. Алгачкы 10 үй декабрь айында берилет. Бул этап калкты жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу жана жашоо шарттарын жакшыртуу программасын ишке ашыруудагы маанилүү кадам болуп саналат”, — деп билдиришти президенттин облустагы өкүлчүлүгүгөн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>