Жер тилкелерин документтештирем деп, алдап кеткен. Чүйдө шектүү жаран кармалдыЖогорку Кеңеш геодезия жана мейкиндиктик маалыматтар жөнүндө мыйзамды үчүнчү окууда кабыл алдыКыргызстанда 773 айылды таза суу менен камсыз кылуу пландалуудаЧек ара кызматы менен Туризм фонду туристтер үчүн тоо каттамдарын санариптештиретЖРТга даярдануу үчүн «Булак» мобилдик тиркемеси ишке киргизилдиКыргызстан үчүн ЕАЭБдин өнөр жай долбоорлоруна катышуу шарттары жөнөкөйлөтүлөт
Катардын дарыгерлери угуусу начар балдарга бекер операция жасайт
04.12.2023 | 17:49
Катардын дарыгерлери угуусу начар 50 кыргызстандык балага бекер операция жасайт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, дарыгерлер 6-декабрда келишип, бейтаптарды Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда кабыл алат.
Алар кулакка имплант коюу боюнча операция жүргүзөт.
Катардын өкмөтү баардык чыгымдарды өз мойнуна алат. Андан тышкары, операциядан кийин балдардын эки жылдык кароодон өткөрүүгө дагы каражат бөлөт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом