Кыргызстанда жаш ата-энелерди окутуу боюнча мамлекеттик программа иштелип чыгатЭл аралык энергетика агенттиги Ормуз кысыгы аркылуу мунай жеткирүүдөгү рекорддук үзгүлтүктөн улам чукул жыйын чакыруудаЕАЭБ өлкөлөрүндө кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелери жөнөкөйлөтүлөтЧарчы метр валюта катары: Бишкек бийлиги куруучулар үчүн жаңы эрежелерди иштеп чыгатКазакстандан келген 56 тонна пияз Кыргызстанга киргизилген жокОштогу дарыканадан аткезчилик менен алып келинген дары-дармектер табылды
Каза болгон пенсионерге канча сом төлөнөрү айтылды
28.12.2023 | 11:13
Каза болгон пенсионерге Социалдык фонд 31 миң 700 сом төлөп берет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында мекеменин төрагасынын орун басары Гүлнара Жуматаева билдирди.
Анын айтымында, маркумдын жакындары кайрылган учурда гана бир жолу төлөнүүчү акча бөлүнөт.
“Пенсионердин каза болгондугу тууралуу маалымдама менен анын жакындары Социалдык фондко кайрылышы керек. Болбосо акча берилбейт. Жакындары, үй-бүлөсү болбосо, маркумду кошунасы акыркы сапарга узатышы мүмкүн. Мындай учурда ага төлөнүп берилет”, – дейт социалдык фонддун төрагасынын орун басары.
Гүлнара Жуматаеванын маалыматында, жыл сайын 22 миңге жакын пенсионер көз жумат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом