Ошто 9 жашар бала бычакталды. Кылмышка эжеси шектелүүдө

Ошто 9 жашар бала бычакталды. Кылмышка эжеси шектелүүдө

Ош шаарынын «Туран» кичи районунда 9 жашар бала бычактан алган жаракаттан көз жумду. Бул тууралуу маалыматты Reporter.kg’ге шаардык милициядан ырасташты.

Милициянын маалыматында, бала 17-декабрь күнү ооруканага түшкөн. Медицина кызматкерлери анын өлүмүн ырасташкан.

Ошол эле күнү кылмышка шектелип, маркумдун 18 жаштагы бир тууган эжеси кармалды.

«Бир туугандардын ортосундагы чатактан улам кыз инисин көкүрөккө сайган. 2005-жылы туулган кыз үйдөн качып кеткен экен милиция аны кармап, убактылуу кармоочу жайга алып келген. Соттун чечими менен шектүү 2 айга камалды», — дейт Ош шаардык ички иштер башкармалыгы.

Шектүү психикалык ооруканаларда расмий каттоодо турбайт.

«Жакындары анын психикалык жактан оорурун айткандан улам ага карата соттук-психикалык экспертиза дайындалды»,- дейт милиция.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>