Менчик клиникада аял каза болду. Депутат текшерүүнү талап кылат

Менчик клиникада аял каза болду. Депутат текшерүүнү талап кылат

Жеке менчик клиникада операция учурунда аял набыт болду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев отурумда билдирди.

Анын маалыматында, бейтапка жеңил эле операция жасалгандыгына карабай жыйынтыгы өлүм менен аяктаган.

“Өттөн ташты алуу операциясы болгон экен. Негизи бул жеңил операция. Саламаттыгын жакшыртайын деп барган аял каза болуп жатат”, — деди ал.

Дастан Бекешев жеке менчик клиникалардын баарын текшерип, айрыкча ар кандай операция жүргүзгөн медициналык борборлорго көзөмөлдү күчөтүүнү сунуштады.

“Эптеп билим алып окууну бүткөн дарыгерлер эми операция жасап жатат. Менчик клиникалар ушундай ишин билбеген, шалаакы медиктерге толду», — дейт депутат.

Белгилей кетсек, 18-декабрда менчик стоматологияда 3 жашар кыз каза болгон.

Тишин тазалаткан 3 жашар кыздын өлүмү: Ата-энеси күнөөлүүлөрдү жазалоону суранууда (видео)

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>