Мурдагы депутат Кубанычбек Конгантиев эки айга камалдыЖактоочу ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип кармалдыБишкекте Кыргызстандын универсиадасы өтүүдөКыргызстанга 31 млн сомдон ашык суммадагы БАДдарды мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт коюлдуАуэзов көчөсүндөгү соода күркөлөрү алынып, ордуна сквер курулатКыргызстандыктар кайсы тармактарда эң көп киреше табышат?
Казакстан каза болгон жарандарынын сөөгүн алып кетүү үчүн Ошко учак жөнөттү
01.07.2024 | 09:00
Казакстан өз атуулдарын эвакуациялоо үчүн жана каза болгон жарандарынын сөөгүн алып кетүү үчүн Ош облусуна учак жөнөттү. Аталган учак менен селден жабыркаган кыргызстандык жарандарга 2,7 тонна азык-түлүк түрүндөгү гуманитардык жардам жеткирилди. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазды.
Учак менен казакстандык куткаруучулар, дарыгерлер жана психологдор келген.
Эскерте кетсек, 28-июнда Ош облусунун Ноокат районунда катуу жааган жаандан улам сел жүргөн. Селдин айынан 9 адамдын, анын ичинде кичинекей балдардын өмүрү кыйылган. Каза болгондордун арасында Казакстандын 4 жараны бар экени, алар жаш балдар болгону маалым.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом