Мамлекеттик банктар санкциялык тобокелдиги бар 284 ишкана менен кызматташууну токтотту«Тамчы» СФИТи Гонконгдо NextFinance демилгесин тааныштырдыТоварлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын турукташтырууга 36,6 млрд сом талап кылынатМанас шаарынын 149 жылдыгы белгилендиӨлкөдө күн ачык болот: 6-ноябрга карата аба ырайынын божомолуКыргызстандын элчилиги Орусия ТИМине нота жөнөттү: кыргызстандык алдамчылыкка кабылган
Ош — Раззаков жолундагы көпүрө урап, каттам жабылды
30.06.2024 | 22:31
Селден улам Ош — Раззаков жолундагы көпүрө урап, каттам жабылды.
ӨКМдин маалыматына караганда, өлкө аймагында күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу көпчүлүк аймактарда сел келип, калыбына келтирүү иштери уланууда.
“Тазалоо иштери учурунда бүгүн, 30-июнда саат 20:30дар чамасында Ош — Раззаков жолунун 65-чакырымындагы Найман көпүрөсү урап түшүп, жол каттамы үзгүлтүккө учурады”, – деп айтылат маалыматта.
ӨКМ жүргүнчүлөрдү жолго чыкпай турууга чакырды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар