Пилоттук режимде Озерный жана Сары-Булак ашуулары аркылуу Ысык-Көлгө өтмөк ишке киргизилүүдө. Туристтер үчүн алар келерки жылы жеткиликтүү болот. Бул тууралуу казакстандык жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка караганда, Совет доорунан тартып 2009-жылы жабылганга чейин бул уникалдуу чек ара өткөөлдөрү жергиликтүү тургундардын арасында да, чет өлкөдөн келген туристтер арасында да чоң суроо-талапка ээ болгон. Жыл сайын жай мезгилинде Казакстандан Кыргызстанга миңдеген тоо ышкыбоздору өтүп турчу. Бул уникалдуу эко-маршруттар ар түрдүү иш-аракеттерди — жөнөкөй треккингден жана атка минүүдөн баштап, экстремалдык тоо велосипедине жана ультрамарафондорго чейин машыгууга мүмкүндүк берди.
Мамлекеттик органдар менен бизнес өкүлдөрүнөн турган казак-кыргыз тобу 26-августта Көлсай көлдөрү улуттук паркынын борбордук аймагы Саты айылынан жөнөп кетишет. Ал эми 25-августта казакстандык спортчулардын тобу жөнөп кетет.
Эки топ тең 28-августта Ысык-Көлдөгү чогулган жерде жолугушат.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда