Казакстан, Кыргызстандын ортосундагы тоо каттамдары 13 жылдан соң ачылды

Казакстан, Кыргызстандын ортосундагы тоо каттамдары 13 жылдан соң ачылды

Пилоттук режимде Озерный жана Сары-Булак ашуулары аркылуу Ысык-Көлгө өтмөк ишке киргизилүүдө. Туристтер үчүн алар келерки жылы жеткиликтүү болот. Бул тууралуу казакстандык жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Совет доорунан тартып 2009-жылы жабылганга чейин бул уникалдуу чек ара өткөөлдөрү жергиликтүү тургундардын арасында да, чет өлкөдөн келген туристтер арасында да чоң суроо-талапка ээ болгон.  Жыл сайын жай мезгилинде Казакстандан Кыргызстанга миңдеген тоо ышкыбоздору өтүп турчу. Бул уникалдуу эко-маршруттар ар түрдүү иш-аракеттерди — жөнөкөй треккингден жана атка минүүдөн баштап, экстремалдык тоо велосипедине жана ультрамарафондорго чейин машыгууга мүмкүндүк берди.

Мамлекеттик органдар менен бизнес өкүлдөрүнөн турган казак-кыргыз тобу 26-августта Көлсай көлдөрү улуттук паркынын борбордук аймагы Саты айылынан жөнөп кетишет.  Ал эми 25-августта казакстандык спортчулардын тобу жөнөп кетет.

Эки топ тең 28-августта Ысык-Көлдөгү чогулган жерде жолугушат.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>