Казакстан менен Өзбекстан кыргыз элине жардам берет

Казакстан менен Өзбекстан кыргыз элине жардам берет

Казакстан менен Өзбекстан кыргыз элине экономикалык жана гуманитардык жардам көрсөт. Бул тууралуу казкак өлкө башчысынын расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматта айтылгандай, коңшу өлкөлөрдүн башчылары телефон аркылуу сүйлөшүп, Борбор Азиядагы абалды талкуулашкан.

“Мамлекет башчылары региондогу абалды талкуулап,  туруктуулукту жана коопсуздукту сактоо боюнча биргелешип иштөөгө убадалашты. Казакстан менен Өзбекстан кыргыз элине экономикалык жана гауманитардык жардам көрсөтөт”, — деп жазылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 29-октябрда Нур-Султан шаарына иш сапары менен барып, казак бийлигинен мамлекеттик бюджетин колдоо, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында акчалай жардам берүүнү өтүнгөн.

5-ноябрь күнү Руслан Казакбаев Ташкент шаарына иш сапары менен барып, өзбек премьер-министри Абдулла Арипов менен жолуккан.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>