Казакстандын ички иштер органдары мобилизациядан качкан орусиялыктарды өткөрүп бербейт. Жок дегенде алар эл аралык издөөгө алынганга чейин. Бул тууралуу Казакстандын ички иштер министри Марат Ахметжанов билдирди.
«Эгер орусиялык жарандардын кылмыш иши болсо, бүгүн Орусия тараптан да, биз тараптан да (айыпталуучуну) экстрадициялоо иш-чараларынын алкагында жүргүзүлүп жатат. Минск конвенциясы жана юридикалык жардам көрсөтүүнүн алкагында биздин парламенттер тарабынан ратификацияланган», — деп түшүндүрдү Казакстандын Ички иштер министрлигинин башчысы.
Марат Ахметжанов тактагандай, кеп (тергөөнүн позициясы боюнча) эл аралык издөөгө жарыяланган кылмыш иштерине күнөөлүү кылмышкерлер жөнүндө гана болуп жатат.
Ахметжановдун айтымында, эгер Казакстандагы орусиялык качкындар аскер комиссариаттары тарабынан изделсе, анда Казакстандын көз карашы боюнча бул экстрадицияга мыйзамдуу негиз боло албайт.
Казак бийлигинин маалыматы боюнча, Орусия жарым-жартылай мобилизация жарыялаган 21-сентябрдан бери Казакстанга 100 миңге жакын орус жараны кирген.
Казакстандын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 2022-жылы республикага жалпысынан 4,3 миллион чет элдиктер кирсе, 4,1 миллиону Россиянын жарандары өлкөдөн чыгып кеткен.
Орус-казак чек арасынын узундугу 7500 чакырымдан ашат, анда 51 өткөрүү пункту бар. Орусияда мобилизация жарыяланган 21-сентябрдан бери Казакстандын Петропавловск жана Уральск шаарларына эң жакын жайгашкан өткөрүү пункттарында орус тараптан бир нече чакырымга созулган кезек күтүүлөр пайда болду. Адамдар чек арадан, анын ичинде жөө да, ийнине рюкзак асынып алып өтүп жатышат.
Самара шаарында мобилизация жарыялангандан кийин дароо бардык авиабилеттер сатылып кеткен. Бирок алардын баасы бир тарапка 100дөн 300 миң рублга чейин көтөрүлгөн.
Казакстандын мыйзамдарында башка мамлекеттеги мобилизацияга байланыштуу чет элдиктерди депортациялоо беренеси жок. «Чет элдиктердин укуктук абалы жөнүндө» мыйзамдын 28-беренесинде чет өлкөлүк жарандар Казакстандан төмөнкү учурларда чыгарыла тургандыгы түшүндүрүлөт:
- уруксатсыз митингдерди жана жүрүштөрдү уюштургандыгы же аларга катышкандыгы үчүн;
- туруктуу жашоого же Казакстандын жарандыгына уруксат алуу үчүн документтерди тапшырууда мамлекеттик органдарга жалган маалымат бергендиги үчүн,
- Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарында режимди бузгандыгы жана миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузгандыгы үчүн.
Чет элдиктер Казакстанда канча убакыт жүрө алышат?
Орусияда мобилизация жарыяланганга чейин Казакстандын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча өлкөдө 20 миң орусиялык жаран туруктуу жүргөн. Ал эми статистикалык маалыматтарга ылайык, 2022-жылдын январынан бери өлкөгө 1,66 миллион орусиялыктар кирип, 1,64 миллиону чыгып кеткен.
21-сентябрдан кийин дээрлик 100 миң россиялык Казакстанга орус тараптан чек ара аркылуу, ошондой эле өлкөнүн аэропорттору аркылуу кирген. Мындан тышкары, 8 миңден ашуун жаран биринчи каттоо күбөлүгүн, Казакстанда жашап турууга уруксатты жана чет элдиктер үчүн берилүүчү жеке идентификациялык номерди (ИИН) алышты. Анын үстүнө акыркы алты айда Казакстанда 93 миң орусиялык ИИН алса, алардын 4271и гана жашоого уруксат алган. Казак бийлигинин айтымында, 8700 еврого (же 500 000 рублга) барабар акчасы бар экенин көрсөткөн жергиликтүү мыйзамдарга ылайык төлөм жөндөмдүүлүгүн далилдеген жарандар жашоого уруксат алуу үчүн кайрыла алышат. Казакстанда бүгүнкү күндө жашоо минимуму айына 82 еврону, же 4600 рублди түзөт.
Ошол эле учурда Казакстандын Тышкы иштер министрлиги эскерткендей, кайсы бир өлкөнүн чет элдик жарандары өлкөдө мөөнөтсүз жүрүүгө укугу жок. Казакстандын аймагына киргенде Бажы биримдигинин жарандары 30 күндүн ичинде миграциялык полицияга каттоодон өтүшү керек (б.а. ИИН алышат). Өлкөдө жүрүүнүн жалпы уруксат берилген мөөнөтү кирген күндөн тартып 90 күндөн ашык эмес.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз