Баткен: Бишкекке көчүрүлгөн адамдарга меджардам көрсөтүлүүдө

Баткен: Бишкекке көчүрүлгөн адамдарга меджардам көрсөтүлүүдө

Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын маалыматына ылайык, Кыргызстандын жарандарынын Баткен облусунан Бишкек шаарына жана Чүй облусуна алынып келишине байланыштуу  20-сентябрдан тартып, жарандардын жайгаштырылган жери боюнча баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүү жана аларды каттоодон өткөрүү бардык үй-бүлөлүк медицина борборлору тарабынан аймактык негизде жүргүзүлүүдө.

Бир жуманын ичинде шаардык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлоруна кайрылып, жардам алгандар:

?жалпы 416 адам кайрылган,

?анын ичинде 194 бала,

? алардын 27си 1 жашка чейинки балдар ,

?ал эми 54ү 5 жашка чейинки балдар,

?кош бойлуу аялдар — 27 аял,

? каттоого алынганы — 55 адам,

?2 бейтап Улуттук хирургия борборуна жана Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылды,

?Аялзаттын борборуна жайгаштырылганы — 3 адам,

?292 адамга медициналык жардам көрсөтүлдү,

?Милдеттүү медициналык камсыздандыруу Фондунун (ММК) кошумча программасы боюнча 17 адамга рецепттер берилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>