Мал ээлери эми «Түндүк» тиркемесинен өз малдары тууралуу маалыматтарды көрө алышатСадыр Жапаров КМШ өлкөлөрүнүн башчылары менен бирге Авазадагы улуттук тамак-аш фестивалына бардыКыргызстанда бир жумада КРВИ жана сасык тумоо менен 5,5 миңден ашык адам ооруду: бейтаптардын 75%ы — балдарКүзгү жамгырлар жана бийик тоолуу аймактарда кар жаайт: 9-октябрга карата аба ырайыБишкекте чыр: блогер соттук-медициналык экспертизанын кызматкери менен тил табыша алган жокАйыл чарба министрлиги кайра иштетүүчүлөр менен уруксат берүүчү документтерди жөнөкөйлөтүүнү талкуулады
Өкмөт башчы иш сапар менен Германияга барды
28.11.2025 | 09:50

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Германиянын борбору Берлин шаарына жумуш сапары менен барды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Бул сапардын алкагында Касымалиев «Берлиндеги Кыргызстандын улуттук экономика күнү» темасындагы кыргыз-герман бизнес форумуна, ошондой эле кыргыз-герман ишкерлер кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.
Ошондой эле ал бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрүп, “Кыргыз почтасы” ААКнын эл аралык логистикалык борборуна барат.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат