Казакстан Нарындан сүт азыктарын, сыр импорттоого кызыкдар

Казакстан Нарындан сүт азыктарын, сыр импорттоого кызыкдар

Президенттин Нарын облусундагы өкүлү Алтынбек Эргешов Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапил Жошыбаев менен жолугушту. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Жолугушууда Нарын облусу менен Казакстандын облустарынын ортосунда достук алаканы түзүү, соода-экономикалык кызматташтыкты бекемдөө боюнча сүйлөшүүлөр жүргөн.

Алтынбек Эргешов облуста суу, күн, шамал энергиясы, тоо-кен, айыл чарба тармагы боюнча потенциал чоң экенин белгилеп, жашыл экономика боюнча долбоорлорду тартуу, Нарындан Казакстанга сүт, эт, картошка, карагат, чычырканак жана башка азык-түлүктөрдү экспорттоо боюнча сунуштарын айткан.

Элчи Рапил Жошыбаев Нарында күн энергетикасы боюнча долбоорлорду ишке ашырууга болорун сөз кылып, казак тарап Нарындан сүт азыктарын, сырдын түрлөрүн импорттоого кызыкдар экенин билдирген.

Элчи Рапил Жошыбаев жана Алтынбек Эргешов

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>