Новопавловкада жеке үйдүн короосундагы иттерди атып кетишкен. Бул боюнча милиция түшүндүрмө бердиСадыр Жапаров мурдагы спикер Нурланбек Тургунбек уулунун кызматтан кетиши боюнча комментарий берди«Мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы достуктан жогору турат». Президент Камчыбек Ташиевди эмнеге кызматтан алганын түшүндүрдүТажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода Бишкекке келди13-февралга карата аба ырайыКамчыбек Ташиев он үчүнчү февраль күнү эртең менен Кыргызстанга келет
Казакстанда 27 адамга коронавирус жукту
17.03.2020 | 13:25
Казакстандын Нур-Султан шаарында коронавирус жуктурган дагы 14 адам катталды. Бул тууралуу аталган мамлекеттин Саламаттыкты сактоо министри Елжан Биртанов кабарлаганын Tengrinews.kz жазды.
«Бүгүн Нур-Султанда коронавирусту жуктуруп алган 14 жаңы жагдай катталды. Алар учурда карантин мекемесине жаткырылды. Ошондой эле алар менен байланышта болгон бардык адамдар аныкталууда», – деп билдирди министр.
Жалпысынан Казакстанда вирусту жуктуруп алган адамдардын саны 27ге жетти. Ал эми дагы бир коронавирус жуктуруп алган казакстандык Германияда дарыланууда.
Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев коронавирустун жайылышын токтотуу үчүн бир айлык өзгөчө кырдаал жарыялаган.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар