Конституциялык сот бул чечим «2022-жылы 5-июнда өткөн референдумдун натыйжасына жана Казакстан калкынын эркине негизделип чыгарылганын» белгилейт.
Конституциялык сот токтом кабыл алынган күндөн баштап күчүнө кирерин жана даттанууга жатпай турганын маалымдады.
Былтыр декабрда мажилис «Туңгуч президент — Елбасы» тууралуу конституциялык мыйзамдын күчүн жоюу жараянын баштаган. 2000-жылы кабыл алынган мыйзам мурдагы президент Нурсултан Назарбаев менен анын үй-бүлөсүнө көптөгөн артыкчылыктарды берген. Мыйзамга ылайык, Назарбаев менен анын үй-бүлө мүчөлөрү кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт, камалбайт, мүлкүнө чектөө коюлбайт.
Назарбаев 2019-жылы кызматтан кетип, өлкөнүн саясатына таасирдүү кызматты – Коопсуздук кеңешинин төрагалыгын ээлеп калган. 2022-жылдын январында массалык нааразылыктар баш аламандыктарга айланып, кандуу окуяга айланган учурда бул кызматын президент Касым-Жомарт Токаевге өткөрүп берген. Мындан кийин Нурсултан Назарбаевдин жакындары да кызматтан кетип, айрымдары камалган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз