Согуштан кийинки дүйнө: баатыр шаарлар жана эс тутум тууралуу талаш-тартыштарБишкекте иттер сол салган баланы ооруканага жеткирген милиция кызматкери андан кабар алдыБишкекте ЖАМКтын подполковниги бассейнге чөгүп бараткан кызды сактап калды — чоо-жайыКыргызстандык спортчу Венгриядагы дзюдо турниринде биринчи орунду жеңип алдыЧуңкурчакта түлкүнү аткан жарандарга айып пул салындыБишкекте жол тандабас жөө өтмөктөн 25 жаштагы жаранды сүзүп кетип, ал каза тапты
Казакстанда эң көп улуттуу оркестр Гиннеске кирди
07.09.2022 | 20:23
Казакстанда эң көп улуттуу оркестр Гиннес рекорддор китебине киргенин Казакстандын пресс-клубу билдиргенин жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.
Маалыматта айтылгандай, эң көп улуттуу оркестр» рекорду Казакстанда коюлган. “Дүйнө музыкасы” долбооруна 51 өлкөдөн 75 улуттун өкүлдөрү катышкан. Бул рекордду Гиннес рекорддор китебинин расмий судьясы Жек Брокбанк бекитти. Ал Астана шаарына келген.
Концерт эң көп улуттуу музыкалык топ чогулган Тынчтык жана ынтымак сарайынын сахнасында өткөн.
Бапыштын «Кара жорго» аттуу казак ыры, Абайдын «Желсиз түндө жарык ай» аттуу фантазиясы, А.Бородиндин «Князь Игорь» операсынан «Половецтердин бийлери» фрагменти ж.б. чыгармалар аткарылды.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар