Казакстанда сибирь кулгунасы чыкты

Казакстанда сибирь кулгунасы чыкты

Сибирь жарасынын очогу Костанай облусунда катталганын El Dala.kz айыл чарба басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Костанай облусунун Федоровский районунун Костряковский айыл округунда бодо малдан күйдүргү оорусунун аныкталгандыгына байланыштуу карантин жарыяланып жатат.

Бир жыл мурун июль айында Костанай облусунун Денисовский районунда, Приречное айылында күйдүргү оорусу аныкталган. Ноябрь айында бул оору Денисовский районундагы Жалтыркөл айылындагы чарбалардын биринде да катталган.

Костанай облусунун санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл башкармалыгынын маалыматы боюнча үстүбүздөгү жылдын май айына карата облуста күйдүргү боюнча 156 стационардык жагымсыз пункттар катталган.

Бул калктуу конуштар, алардын аймагында сибирь жарасы менен ооруган малдар көмүлгөн. Жалпысынан облус боюнча 308 мындай көмүлгөн жай бар.

«Мажбурлап союлган оорулуу малдан алынган бардык азыктар ылаңдуу деп эсептелет жана адам жегенге жараксыз. Атүгүл этти көпкө бышыруу патогендин чыгуусуна кепилдик бербейт. Ошондуктан, өлгөн малды өрттөп жок кылуу керек, өрттөлүүчү мештерде », — деп белгилейт ЖМК.

Сибирь жарасы – айыл чарба жана жапайы жаныбарлардын, ошондой эле адамдардын өзгөчө коркунучтуу жугуштуу оорусу, көбүнчө инфекциянын алгачкы күндөрүндө эле оорулуу адамдын өлүмүнө алып келет.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>