ЖК комитети баатыр энелердин балдарына жеңилдиктерди берүү долбоорун жактырдыСогуштун жыты бар, бирок коркуу жокОшто Алымбек Датка көчөсүнө веложолу бар тротуар куруу иштери башталдыБакиев мени премьер-министрлик кызматтан «алдап кеткенине» өкүнбөйм — КуловБишкекте спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты аяктады. Кыргызстандын капчыгында 5 алтын бар«Баатыр эне» энелердин балдарына ЖОЖдордо окуу үчүн 50% жеңилдик берүү сунушталууда
Казакстанда кримчөйрөнүн адамдарын кармоо операциясы башталды
05.10.2023 | 11:46
Казакстанда уюшкан кылмыштуу топторго кирген адамдарды кармоо боюнча чоң операция башталды. Бул тууралуу Казакстандын «Казинформ» маалымат агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, кармоолор Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети ИИМ менен биргеликте Башкы проркуратуранын координациялоосу менен өлкөнүн бир нече аймагында жүргүзүүдө.
Эскерте кетсек, 4-октябрда Кыргызстанда УКМК кримтөбөл Камчы Көлбаевди кармоо жүргүзүп, операция учурунда Көлбаев жок кылынганы кабарланган. УКМКнын маалыматы боюнча, кармоо учурунда Көлбаев атайын багыттагы кызматкерлерге куралдуу каршылык көрсөтүп, ага жооптуу ок атылганда, кримтөбөл жараат алып, окуя жеринде көз жумган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар