Мамлекеттик кызматта аялдар ыдыкка кабылат — депутат

Мамлекеттик кызматта аялдар ыдыкка кабылат — депутат

Мамлекеттик кызматта иштеген аялдар ыдык көрсөтүүнүн ар кандай түрүнө кабылып келет. Бул тууралуу Жогорку Кенештин жыйынында депутат Камила Талиева билдирди.

Жыйында бир катар эл өкүлдөрү “Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө” мыйзам долбооруна каршы чыгышты. Алар демилгеде аялдардын укугу корголбогонун белгилешип, мыйзамды толугу менен кайра иштеп чыгууну сунушташты.

«Мыйзам долбоор өзү туура эмес мезгилде келип жатат. Акыркы кулак-муруну кесилген окуядан кийин жан дүйнөбүз аңтарылып турат. Аял затына зордук-зомбулук кульминациянын жогорку чегине жетти. Бул долбоор Жогорку Кеңештин аброюна шек келтирет», — деди Камила Талиева.

Депутат долбоордун 21-беренеси иш жүзүндө иштебей жатканын белгиледи.

«Бул берене боюнча ыдык көрсөтүүгө жоопкерчилик каралган. Бирок иш жүзүндө аялдар мамлекеттик кызматта мыйзамдуу жана мыйзамсыз дагы ыдыкка дуушар болушат. Алар дайым экинчи планда калып жатат», — деди ал.

“Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө” долбоор биринчи окуудан өткөн жок.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>