Парламентте Чүйдөгү көрүстөндөрдө жер тартыштыгы айтылды

Парламентте Чүйдөгү көрүстөндөрдө жер тартыштыгы айтылды

Чүй облусунун Гроздь айылындагы мүрзөгө  сөөктү коюу үчүн бишкектиктерден акча талап кылып жатышат. Бул тууралуу Бишкек шаардык Аза кызматын көрсөтүү агенттигинин директору Төрөхан Жунусбеков билдирди.

Ад Грозддогу мүрзө Бишкек шаары үчүн түзүлгөнүн белгиледи.

“Бирок жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Бишкектен баргандардан 20 миң сомдой талап кылышууда. Негизи жер бекер, көр казуу жана башка кызмат үчүн гана 12 миң сом талап кылынат”, — дейт Төрөхан Жунусбеков.

Депутат Эльвира Сурабалдиева Чүй облусундагы мүрзөлөрдөгү жер тартыштыгы чыр-чатакка алып келиши мүмкүндүгүн айтты.

“Бишкектин четинде орун жок. Мисалы, Байтикке жер жетишпейт, орун бербейбиз дейт. Бул маселе жергиликтүү кеңеште талкууланууда. Азыр маркумду кичи мекенине алып барбай ушул жерде көмөбүз деген учурлар бар. Азыр эле чоң конфликт болуп жатат. Эгер баарын бекер кылсак, бул мындан дагы ызы-чууга алып келбейби?”, — деди ал.

Анын кесиптеши Эмил Жамгырчиев Байтикте көрүстөндөгү жерлерди алдын-ала ээлеп алганын белгиледи.

“Өзүгө эмес аялыга дагы жер алып коюшкан. Жер бош, себеби ал инсан өзү тирүү”, — деди депутат.

Белгилей кетсек, парламентте “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” мыйзам долбоору биринчи окууда каралууда. Ага ылайык  көрүстөндөн жерди алдын-ала ээлеп койсо болот. Бирок, аялы же күйөөсүнүн жанынан гана бир орун жер берилет.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>