Айга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөтАйтматов проспектисинде кире бериш жолдор ачылып, жаңы жолдор курулатБишкекте көп функционалдуу жаңы спорт комплекс ачылды
Казакстанда кыргызстандыктар жол кырсыкка кабылып, бирөө каза тапты
06.02.2023 | 11:03
Казакстандын Кызылорда облусунда 2-февралда Россиядан Кыргызстанга бара жаткан кыргыз жарандары жол кырсыгына кабылып, бир адам куаза болду. Бул тууралуу Polisia.kz билдирди.
Маалыматка караганда, кырсык Самара – Шымкент жолунда болуп, Toyota унаасы оодарылып кеткен. Такталгандай, жол тайгак болгондуктан, айдоочу унааны башкара албай калган.
Кырсыктын натыйжасында айдоочу каза тапкан. Ошондой эле алты жүргүнчү жабыркап, ооруканага жеткирилген. Алардын баары Кыргызстандын жараны болушат.
Аталган окуя боюнча сотко чейинки териштирүү башталып, экспертизалар дайындалган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз