АКШ Ирандагы объекттерге сокку урду — Тегеран жооп кайтардыАдылбек Касымалиев Катардын мурдагы эмири менен коштошуу аземине катыштыКРСУ жана КФС студенттик футболду өнүктүрүшөтКырсыктан кийин Фергана каналында айдоочуну 100дөн ашык адам издеп жататИшкерлерди текшерүүлөрдү прокуратурада каттоону сунушташууда2:1 — Аргентина ДЧ-2026 жарым финалында Англияны жеңип алды
Белгилүү режиссер Геннадий Базаров көз жумду
06.02.2023 | 10:14
Кыргызстандагы автордук кинонун алгачкы түптөөчүлөрүнүн бири, Кыргызстандын эл артисти, режиссер Геннадий Базаров 81 жаш курагында дүйнө салды. Маалыматты Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен тастыкташты.
Геннадий Базаров 1942-жылы 14-майда Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунда төрөлгөн. 1967-жылы Москвадагы Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтунун (Ж. Сегелдин устаканасы) режиссёрлук факультетин бүтүргөн.
Геннадий Базаров “Саманчынын жолу”, “Буктурма”, “Көчө” жана башка көркөм жана даректүү тасмалардын режиссеру болуп саналат.
Былтыр ал II даражадагы мамлекеттик “Манас” ордени менен сыйланган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом