2,9 млн сом опузалаган. Кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды — видео

2,9 млн сом опузалаган. Кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды — видео

Жалал-Абад облусунда кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү опузалап акча талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, А.Р.Б. аттуу кылмыштуу топтун мүчөсү физикалык зомбулук көрсөтөм деп коркутуп, Жалал-Абад шаарынын тургунунан 2 млн 900 миң сом акча опузалаган.

Бул фактыга байланыштуу Кылмыш кодексинин 208-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пункту (Опузалап талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ал 120 миң сом акча алып жаткан жеринен колго түшүрүлгөн.

Учурда шектүү УКМКнын Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынын тергөө абагына 12-мартка чейин камакка алынган. Тергөө иштери жүрүп жатат.

УКМК уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү тарабынан болгон мыйзам бузуу фактылары боюнча кабар берүүгө чакырат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>