Казакстанда өтө турган эл аралык турнирге Кыргызстандан 11 спортчу катышат

27.05.2022 | 15:03

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасы Казакстанда өтө турган эл аралык турнирге катышат.

2-5-июнь күндөрү Алматыда “Болат Турлыханов Кубогу” UWW экинчи рейтингдик турнири өтөт. Кыргызстандын курама командасында 11 спортчу бар.

Бул 2022-жылдагы экинчи Ranking Series турнири. Анын жыйынтыгы UWW дүйнөлүк рейтингине таасир этет.

Кыргызстандын командасынын курамы:

60 кг чейин — Куттубек Абдыкерим уулу;

63 кг чейин – Жоламан Шаршенбеков;

67 кг чейин – Халмурат Ибрагимов, Калы Сулайманов жана Амантур Исмаилов;

77 кг чейин – Ренат Ильяс уулу;

82 кг чейин – Акжол Махмудов;

87 кг чейин – Мелис Айтбеков жана Атабек Азисбеков;

97 кг чейин – Бексултан Махмудов;

130 кг чейин – Мурат Рамонов.

Башкы машыктыруучу – Азат Эркимбаев.

Улук машыктыруучу – Улукбек Карачолоков.

Scroll to Top