Катуу сабалган Айзатка күйөөсүнүн туугандары кысым көрсөтүүдө

Катуу сабалган Айзатка күйөөсүнүн туугандары кысым көрсөтүүдө

Каракол шаарында үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган Айзат Үсөнбаевага күйөөсүнүн бир тууганы тарабынан кысым көрсөтүлүүдө. Бул тууралуу жактоочу Камиль Рузиев билдирди.

Анын айтымында, алар Айзаттан тосмо арыз жазууну талап кылышууда.

“Айзат ооруканадан чыгарылып, эки баласы менен Чолпон-Ата шаарындагы кризистик борборго которулган. Жолдошунун тууганы Каракол шаардык мэриясында иштей турганын айтып, андан жазган арызын алуусун талап кылган. Бирок, Айзат тосмо арыз жазуудан баш тарткан”, — деди жактоочу.

Буга чейин маалымдалгандай, 14-майда күйөөсүнөн жабыркаган 38 жаштагы келин оор абалда ооруканага жаткырылган.

Териштирүү иштеринде аялды 29 жаштагы күйөөсү кызганычтан улам сабаганы маалым болгон. Жабырлануучуга коргоо ордери берилип, күйөөсүнө карата 138-берене (Уруп-сабап кыйноо) боюнча кылмыш-иши козголгон. Учурда тергөө иштери уланууда.

Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришкендей, сотко чейинки өндүрүш иштери ооруканадан түшкөн маалымат боюнча жүргүзүлгөн. Текшерүүнүн  жүрүшүндө жабырлануучу арыз менен кайрылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>