Казакстанда өтө турган эл аралык турнирге Кыргызстандан 11 спортчу катышат

Казакстанда өтө турган эл аралык турнирге Кыргызстандан 11 спортчу катышат

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасы Казакстанда өтө турган эл аралык турнирге катышат.

2-5-июнь күндөрү Алматыда «Болат Турлыханов Кубогу» UWW экинчи рейтингдик турнири өтөт. Кыргызстандын курама командасында 11 спортчу бар.

Бул 2022-жылдагы экинчи Ranking Series турнири. Анын жыйынтыгы UWW дүйнөлүк рейтингине таасир этет.

Кыргызстандын командасынын курамы:

60 кг чейин — Куттубек Абдыкерим уулу;

63 кг чейин — Жоламан Шаршенбеков;

67 кг чейин — Халмурат Ибрагимов, Калы Сулайманов жана Амантур Исмаилов;

77 кг чейин — Ренат Ильяс уулу;

82 кг чейин — Акжол Махмудов;

87 кг чейин — Мелис Айтбеков жана Атабек Азисбеков;

97 кг чейин — Бексултан Махмудов;

130 кг чейин — Мурат Рамонов.

Башкы машыктыруучу – Азат Эркимбаев.

Улук машыктыруучу – Улукбек Карачолоков.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>