Казакстанда жол кырсыгынан Кыргызстандын төрт жараны каза болду

Казакстанда жол кырсыгынан Кыргызстандын төрт жараны каза болду

Казакстанда жол кырсыгынан Кыргызстандын төрт жараны каза болуп, дагы бирөө ооруканага түштү. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 16-январда Казакстандын Самара-Шымкент автожолунда катталган. Каза болгондордун жаш кургагы 19, 25, 27 жана 29 жашта болушкан.

«Маркумдардын сөөгү Казакстандын Иргиз райондук ооруканасындагы моргго жеткирилди. Учурда автокырсык боюнча сотко чейинки өндүрүш башталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Каза болгондордун туугандарына кабар берилди. Сөөктөрдү алып келүүгө Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги жардам берет», — деп жазылат маалыматта.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>