Бишкекте 3 күн бою изделип жаткан окуучу кыз табылдыБШК №29 округ боюнча шайлоонун жыйынтыгын бекитти7-декабрга карата аба ырайыАк-Сууда көп убакыт аялына зомбулук көрсөтүп жүргөн жаран кармалдыБишкекте 16 жашар окуучу кыз 3 күндөн бери изделип жататЖумуш таап берем деп чакырып, 18 жашар кызды зордуктаган. Сот аны 3 жылга кести
Казакстандагы кырдаал боюнча ЖККУ ич-ара сүйлөшүүлөрүн баштады
06.01.2022 | 09:05
Армения Казакстанга жардам берүү боюнча коопсуздук уюмга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери менен сүйлөшүүнү баштады. Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөшкөндөн кийин социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
“Мен Жамааттык коопсуздук кеңешинин төрагасы катары ЖККУ Казакстандагы түзүлгөн кырдаалдан чыгууга көмөк көрсөтөт деп күткөн Токаевдин кайрылуусун карап, уюмга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери менен тез арада кеңешүүнү баштадым”, – деп жазды Пашинян.
Буга чейин Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев ЖККУ уюмуна колдоо сурап кайрылган болчу. Казакстанда 2-январдан бери эл газдын кескин өсүп кетүүсүнө каршы чыгып, азыркыга чейин тынчый элек.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар