Министрлик Казакстандагы кыргыздарга кайрылды

Министрлик Казакстандагы кыргыздарга кайрылды

Казакстандагы акыркы кезде болуп жаткан окуяларга байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Казакстандын аймагында жайгашкан кыргыздарга кайрылганын министрликтин басма сөз кызматы таратты.

Ал билдирүүдө,  кыргыз жарандарына Казакстандын мыйзамдарын жана эрежелерин туура сактап, чагымчылдыкка алдырбай, кандайдыр бир чыр-чатактуу окуяларга катышпоого, адамдар көп чогулган жерлерге барбай, жашаган жеринен алыс чыкпоого чакырат.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги жана Алматы шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулдугу менен биргеликте, азыркы кезде Казакстанда болуп жаткан окуяларды үзгүлтүксүз байкоодо жана кыргыз диаспоралык уюмдар менен тыгыз байланышууда.

Кыргыз-казак көзөмөлдөө-өткөрмө пункттары кадимки штаттык негизде иштешүүдө, зарыл болгон учурда, мекенине кайтууну каалаган кыргызстандык жарандар кыргыз-казак чек арасынан тоскоолдуксуз өтө алышат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>