Камчыбек Ташиев ИИМде беш саат сурак берип чыктыЖер тилкелерин документтештирем деп, алдап кеткен. Чүйдө шектүү жаран кармалдыЖогорку Кеңеш геодезия жана мейкиндиктик маалыматтар жөнүндө мыйзамды үчүнчү окууда кабыл алдыКыргызстанда 773 айылды таза суу менен камсыз кылуу пландалуудаЧек ара кызматы менен Туризм фонду туристтер үчүн тоо каттамдарын санариптештиретЖРТга даярдануу үчүн «Булак» мобилдик тиркемеси ишке киргизилди
Казакстандан Кыргызстанга айына 10 миң тоннага чейин күйүүчү май унаалар менен ташылып кетет
08.10.2024 | 10:53
Казакстандан Кыргызстанга айына 10 миң тоннага чейин күйүүчү май унаалар менен ташылып кетет. Бул тууралуу Казакстандын Каржы көзөмөл агенттиги билдирди.
Маалым болгондой, агенттикте күйүүчү майды мыйзамсыз ташып кетүү маселеси талкууланган жыйын өткөн. Анда айтылгандай, күйүүчү майлардын баалары арзан болгондуктан, ал жеңил унаалар, өзгөртүлгөн бензин бактары менен сыртка ташып кетилүүдө. Маселен бир айда эле Казакстандан Кыргызстанга ушундай жол менен 10 миң тоннага чейин май чыгарылып кетет.
Ошондой эле документтерди жасалмалап, темир жол цистерналары менен күйүүчү майды сыртка ташып кеткен учурлар бар.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом